Электр энергиясынын жана ысык суунун тарифи көтөрүлбөйт
Новость

POST1RIGHTБыйыл электр энергиясынын, жылуулуктун жана ысык суунун тарифи көтөрүлбөйт. Бул маалыматты премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөт мүчөлөрү жана облус жетекчилери менен өткөргөн жыйында билдирди. 

Бирок азыркы тариф энергокомпаниялардын чыгашасын жаппай атканын да кошумчалады.

Айрымдар кышында жарыкты кымбаттатат экен деп, дүрбөлөңгө түшүп атты эле. Мындай уу-дуу кепке премьер чекит койду көрүнөт. Анткени президенттин тапшырмасына ылайык, өкмөт быйыл тарифтерди көтөрбөө чечимин кабыл алды. Бирок азыркы тарифтер электр ишканаларынын чыгашасын жаппайт.
Ошондуктан, премьер тийиштүү органдарга компаниялардын өзүн-өзү актай алышына жана каржылык жактан жактан туруктуу деңгээлге жеткирүү боюнча тапшырма берди.