Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда
Новость www

Баткен облусундагы жарактан чыккан үйлөрдү жана социалдык обьектилерди калыбына келтирүү иштери 1-сентябрда толук аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинин директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди. 

Ушул тапта Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган социалдык объектилерди куруу жана капиталдын оңдоодон өткөрүү иштери бекитилген календардык графикке ылайык жүрүп жатат. 

Республикалык бюджеттен бардыгы болуп 8 социалдык объекти: 5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП курулуп, керектүү жерлерине капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул иштерге республикалык бюджеттен 250 млн сом каралган.