Бишкек шаарында 32 көчөнүн жолу оңдолууда - Бишкек мэриясы
Новость www

Бишкек шаарында узундугу 40,15 чакырым болгон 32 көчөнүн жолу оңдолууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди. 

Курулуш иштери ушул жылдын ноябрь айынын соңуна чейин аяктап, пайдаланууга берилет. Жолдор Кытайдан алынган гранттын эсебинен жасалууда. "Бишкек шаарынын көчө тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык быйыл 44 тилкени, 2022-жылы 16 көчөнү реконструкциялоо жана 5 көпүрөнүн курулушу пландалууда.