Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленди
Новость www

Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо 26-августка белгиленди. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди. 

Шаардын мэри шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү менен шайланат. Белгилей кетсек, Ош шаарынын буга чейинки мэри Таалайбек Сарыбашов учурда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарууда. Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Президенттин иш башкармалыгынын мурдагы төрагасы болуп иштеген Алмаз Мамбетов убактылуу Ош шаарынын мэринин милдетин аткарууда.