Сузакта селден жабыркаган үй-бүлөлөр чатырларда баш калкалап, мамлекеттен жардам күтүүдө
Новость www

Сузакта селдин кесепетинен турак жайлары жараксыз болгон үй-бүлөлөр учурда чатырларда баш калкалап жатат. Жабыр тарткан жарандардын саламаттыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө. Күндүн аптабына чыдап, арга жок чатырда жашап жаткан тургундар кышка чейин үйлөрүбүзгө кирип алсак дешет. Каражат жагынан чамасы жетпеген жарандар мамлекеттен жардам күтүүдө.

Селдин кесепетинен Асель Арапбаеванын турак үйү жараксыз абалга келип, жашоого мүмкүн болбой калган. Короо жай шагылга толуп, үй ичине чейин кирген. Тамдын дубалдарында жарака пайда болгон. Жалгыз небереси менен жашаган Асель Арапбаева короого толгон шагылды тазалай албай айласы кетип турат.