Ата-мекендик өндүрүүчүлөр быйыл Бишкек ЖЭБду миллион тоннага жакын көмүр менен камсыздоо камында
Новость

Ата-мекендик өндүрүүчүлөр быйыл Бишкек жылуулук электр борборун миллион тоннага жакын көмүр менен камсыздоого камында. Аны “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен ондон ашык жеке компаниялар биргелешип даярдайт. Энергетика жана өнөр жай министри Кара-Кече кенинде күз-кыш мезгилине карата кандай жумуштар жасалып жатканына күбө болду.