Кыргызстанда сутка ичинде 15 996 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү
Новость www

Кыргызстанда сутка ичинде 15 миң 996 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, вакцинанын биринчи дозасын 14 миң 544, экинчи дозасын 1 миң 422 жаран алды. Ал эми өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 395 миң 515, экинчи дозасын 113 миң 41 адам алды.