Жол кырсыгынан көз жумгандардын саны азайганы менен жабыркагандар көп катталууда
Новость www

Жыл башынан бери жол кырсыгынан 28 адам каза болду. Анын ичинен 24ү эркек, 4өө аял кишилер. Ал эми кырсыкта 111 киши денесине ар кандай жаракаттарды алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын прокуратурасында өткөн жыйында айтылды. 

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу жол кырсыгынан көз жумгандардын саны азайганы менен жабыркагандар көп болуп, анын ичинде жаш балдар да бар. Мындан улам, тартип сакчыларына жол кырсыктарынын алдын алууну күчөтүү тапшырылды.