Көмүр казуу ишканалары алдыдагы кышка камылга көрүшүүдө
Новость

Өлкөнүн түндүгүн кара алтын менен камсыздаган Нарын облусундагы көмүр казуу ишканалары алдыдагы кышка камылга көрүшүүдө. 

Бирок баарысы тең эле сыдыргыга салгандай тегиз кеткен жок.

Айрыкча отун өндүрүүгө керектүү атайын техникалардын аздыгы ишти артка тартып, айрымдары азыркыга дейре кен үстүндөгү жер кыртышын сыйрып бүтө элек.