Жалал-Абад: Жыл башынан бери 99 жаңы ишкана ачылып, 500дөн ашуун жумуш оруну түзүлгөн
Новость

Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда 99  жаңы ишкана ачылып, 500дөн ашуун жумуш оруну түзүлгөн. Бул туралуу облустун алты айлык жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды.

Жыйынды президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жетектеп, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү бекитилген иш-чаралардын аткарылышы жөнүндө сөз болду. Өнөр жай тармагынын өсүү темпи 98 пайызды түзгөн. Облустун экономикасынын локомотиви болгон тоо-кен тармагы 98,1 пайызга, жалпы өнөр жай жаатынын продукциясындагы тармактын үлүшү 52,8 пайызды ээлеген. Жарым жылдыкта облуста мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнө 3 жарым млн сомдон ашуун салык жыйналып, план 111 пайызга аткарылган. Республикалык бюджетке төлөнүүчү салыктарга Аксы, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр жана Жалал-Абад шаарлары жетпей калганы белгиленди.

Облус башчысы өнбөй калган төлөмдөрдү салык кызматкерлерине планга жеткирүүнү табыштап, натыйжалуу иштөө керектигин айтты. Ошол эле учурда жетекчилерди кыш камылгасын колго алып, электр энергиясын колдонууда белгиленген лимиттен ашпоого чакырды.