Келерки жылдын бюджети коомдук талкууга коюлду
Новость

Келерки жылдын бюджети коомдун талкуусунда. 2017-жылга карата бюджеттин долбоорун жана алдыдагы эки жылга болжолдонгон документти өкмөт мүчөлөрү бүгүн талдоочулар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен бирге талкуулады.

2017-жылдын бюджетиндеги чоң өзгөчөлүк бюджеттик кодекстин негизинде түзүлгөнүндө. 

Мындай болгондо бюджеттик мекеме катары болуп келген милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жеке каражатына өзү жоопкер болмой болууда. 

Тагыраагы мекеме бюджетин парламенттен бекитет. Каржы министринин айтымында бюджеттеги атайын каражат реформаланып жатат.