Оорунун өөрчүп кетүүсүн алдын алуу максатында Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Конушбек Сакмаматов бардык жарандарды коронавируска каршы эмделүүгө чакырды.
“Кургак учук менен ооруган адамдарды эмдөө планга ылайык, бейтаптардын макулдугу менен жүргүзүлүп жатат. Бирок, активдүү фазадагы дарылоодон өткөндөн кийин вакцина алышат”, - деди Сакмаматов.
Кургак учук менен ооруган бейтаптарды эмдөөгө каршы негизги терс көрүнүштөр төмөнкүлөр: 18 жашка чейинки жарандар, аллергиялык патологиянын оор формалары менен жабыркаган бейтаптар, курч респиратордук оорулары бар бейтаптар, өнөкөт оорулардын күчөп турган мезгили, залалдуу шишиктердин жаңы пайда болуусу жана кан оорулары менен жабыркагандар.