Бул жаңы мекеменин кубаттуулугу саатына үч миң тоок союуга ылайыкталып, ички жабдыктары Түркия жана Европа өлкөлөрүнөн алынып келинген. Муну менен катар жүз жыйырма адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду. Бул ишкана Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылында жаңы ишке кирген тоок заводуна таандык. Учурда ал жерде канаттуулар багылып, жылына жети жарым миң тонна тоок этин ички рынокко алып чыгууга мерчемделген. Буга чейин завод жөжө чыгаруучу ири инкубаторду жана жем даярдоочу цехтерин ишке киргизген. Ишкана жалпы эки жүз элүү адамды туруктуу жумуш орду менен камсыз кылды.