Кара-Буура районунун аймагында селдин кесепетинен пайда болгон чыгымдар эсептелүүдө
Новость

Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагында селдин кесепетинен пайда болгон чыгымдар эсептелүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын райондук бөлүмү тарабынан сел болгон жерден 75 адам эвакуацияланган. Алар Кара-Буура өрөөнүндөгү малчылар, эс алып жүргөн туристтер. 

Эске салсак, кечээ, 21-июлда Кара-Буура аймагындагы Чаткал өрөөнүнө кеткен жолдун 15-чакырымындагы сайдан сел жүргөн. Андан тышкары, тоо этегине жакын Жаңы-Жер, Кара-Буура айылдарынын айрым талааларына сел суусу агып кирген. Куткаруучулар менен катар жакынкы айыл аймактардын техникалары жардамга барып, жеринде кесепеттерин жоюуга катышты.