Кара-Көл шаарында тамактануучу жайлардын, коомдук транспорттордун санитардык абалы текшерилди
Новость

Короновирустун жайылышын алдын алуу максатында Кара-Көл шаарында тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү, коомдук транспорт жана жеке унаалардын санитардык абалы текшерилди.

Рейд шаардык ишки иштер башкармалыгы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, санэпидкөзөмөл кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү. Тиешелүү санитардык талаптарга туура келбеген жайлар, тейлөө кызматтарына эскертүүлөр берилди.