Шамал жатакананын чатырын учуруп кетти
Новость

Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндө катуу шамал жатакананын чатырын учуруп, электр зымдарын үзүп кеткен. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жерине 8 куткаруучу тартылып, чатырды кооптуу жайга жылдырып беришкен. Жабыркангандар жок.