Калкты социалдык жактан колдоо программасынын "Балдар кодекси" бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө
Новость

Калкты социалдык жактан колдоо программасынын "Балдар кодекси" бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Бул баланын укуктарын коргоого жана социалдык камсыздандырууга багытталат. Статистикага таянсак, учурда өлкөдө 350 миңден ашуун бала аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашайт.

Беш баланын энеси Айзат Эркинбек кызы үй-бүлөсү менен бул ижарага алынган батирде турат. Учурда жаш үй-бүлө алтынчы наристесин күтүүдө. Жолдошу куруучу болуп иштейт. Анын тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашка, батирдин ижарасына жана коммуналдык кызматтарды төлөөгө гана жетет.