Президент С. Жапаров Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты
Новость

Президент Садыр Жапаров Германиянын Канцлери Ангела Меркелге жана Президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көңүл  айтты. 

“Кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана  Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттинен көптөгөн  адамдар каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун  үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын  тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм”, - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.