Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 16 ооруканада 372 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 17-июль саат 8:00гө карата, 16сында бош орун бар. Улуттук хирургия борборунда — 29; Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада — 10; №2 клиникалык төрөт үйүндө — 12; Чүй облустук бириктирилген ооруканасында — 7; Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмүндө — 35; Улуттук онкология жана гематология борборунда — 14; Улуттук госпиталдын Урология корпусунда — 13; Улуттук госпиталда — 10; Наркология боюнча улуттук борборунда — 38; Аскердик госпиталда — 12; Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунда — 114; Улуттук госпиталда – 17; Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейинде — 8; Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна — 35. КММАнын Фтизиатрия борборунда — 15 орун бар.