Бекбосун Бөрүбашев Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды
Новость www

Бекбосун Бөрүбашев Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бекбосун Бөрүбашев 1955-жылы Фрунзеде төрөлгөн. 

Юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз-Орус славян университетинин юридика факультетинин эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси. 

2020-жылдын ноябрь айында түзүлгөн Конституциялык кеңешмени жетектеген.