"Манас" аэропортунун унаа токтоочу жайдагы акысыз кызмат көрсөтүүнүн жоюлушу - мыйзамсыз
Новость KTRK/videograp

"Манас" аэропортунун машина токтоочу жайындагы акысыз кызмат көрсөтүүнүн жоюлушу - мыйзамсыз. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги "Манас менеджмент" компаниясына ушундай эскертүү берди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Учурда "Манас" эл аралык аба майданынын алдындагы токтотмонун алгачкы 15 мүнөтү акысыз, саатына 60 сом, суткасына 360 сом. 

Аэропорт 20-июлдан тартып толугу менен акы алууга өтөөрүн билдирген. Бул жай аутсорсингге берилгени, келишимге ылайык бааны аталган компания гана аныктары айтылган. Монополияга каршы агенттик бул өзгөртүү "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын эрежелерине каршы келерин маалымдады.