Түштүк Корея менен биргелешкен долбоорлор
Новость

Министрлер кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөгө өз ара кызыкчылыкты жараткан келечектүү багыттарда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү иликтөө үчүн Кореядан келген бизнес-делегация өкүлдөрү менен жолугушту. Төрага белгилегендей, Корея Кыргызстандын Азия-Тынч Океан аймагындагы негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана делегация өкүлү Пак Хё Риндин Бишкек шаарындагы «Манас» эл аралык аэропортунда ыкчам режимде ПЧР-тестирлөөнү өткөрүү үчүн заманбап лабораторияны ачуудагы өзгөчө ролун белгилеп кетти. «Заманбап ПЧР-лаборатория COVID-19 менен каршы күрөшүүдө оорунун жугуу учурларын ыкчам аныктоодо гана маанилүү роль ойнобостон, анын жайылышына каршы натыйжалуу күрөшүүгө да мүмкүндүк берет», - деди Улукбек Марипов.


Кореянын санариптештирүү жана алдыңкы SMART технологияларды колдонуу боюнча тажрыйбасы жана жетишкендиктери жаатында конструктивдүү диалог болуп өттү. Тараптар өзгөчө көңүлдү келечекте Кыргызстандын шаарлары үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болчу «Акылдуу шаар» долбоорун ишке ашырууга бурду.
Өз кезегинде кореялык компаниялардын өкүлдөрү санариптештирүү, медицина, билим берүү, туризм жана спорт жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууда өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин белгилешти.


Алар кошумчалагандай, энергетика тармагындагы келечектүү долбоорлорду талкуулоо жыйынтыгы боюнча Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен МЖӨ алкагында диагностикалык борборду жана лабораторияны түзүү боюнча консультациялар өткөрүлдү, Билим берүү жана илим министрлиги менен онлайн билим берүү, орто мектептер үчүн аянтча жана консультацияларды уюштуруу жана алар үчүн өзгөчө контентти түзүү маселелери боюнча кеңири пикир алмашуу болуп өттү, ошондой эле Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюу пландаштырылууда.