Соңку жылдарда Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүү жана туристтерди тартуу боюнча жакшы кадамдардын жасалганы белгилүү. Алардын ичинде бир канча мамлекеттердин жарандарына визасыз кирүү, кошумча аба каттамдарын ачуу жана ар кандай эл аралык жарманкелерге катышуу аракеттерин айтсак болот. Бирок ошол эле учурда өлкөдөгү туризмди өнүктүрүүдө маанилүү болгон башка дагы жагдайлар бар. Мисалы туристтерди тосуп алуу жана тейлөө менен бирге, аларды иренжиткен көрүнүштөрдү жоюу.
Манас аэропортунан чыгып, унаага отурган адам, сөзсүз айланага көз чаптырат. Жол жээктей тигилген жашыл дарактар жана тазалык албетте көргөндүн көзүн кубантат. Эки үч чакырым созулган мындай жол келип эле көрнөк-жарнак илине турган жерден аяктайт. Эч нерсе илинбей туруп, дат баскан жарнаманын орду албетте маанайды бир чөгөрөт.
Андан бир аз өтпөй жаңы курулуп жаткан конуш башталат. Ар жаз сайын кыйма-чийме курулушу башталчу конуштун жол жак бети, көрктүү тосмо менен тосулуптур. Бир эле жаман жери айылды көздөй кирип кетчү жериндеги тосмонун бети жарнамалык тактага айланган. Айрылып, эскирген кагаздар менен айланадагы таштандылар жакынкы күндөрү эле эмес, көптөн бери тосмонун көркүн бузуп турганын байкоого болот.
Жол жээктей буталып бирок, тазалана элек дарактардын бутактарын айтпаганда бул жолдун айланма жол менен кезиккен жерине чейинки аралыкта, көрктү буза турган жагдайлар деле жок. Качан гана шаардын түндүк жагындагы айланма жолдон Ысык-Көлгө кетчү тарапка бурулганда баары башталат.
Айланма жолдогу мындай иретсиздик Махатма Ганди көчөсү менен кесилишкен жерден тарта, Курманжан Датка көчөсүнө чейин уланат. Карыш баскан сайын ачылган көмүр сатуучу кампалар, чалды-куйду жайгашкан нан, самса жасалуучу тандырлар, тамактануучу жайлар, андан бери өткөндө мал базар, курулуш материалдарын сатуучу базарлар, ар кайсы жерде үйүлгөн таштандылар, деги койчу бул аралыкта эмнелерди гана көрүүгө болбойт. Эң башкысы аба майдандан Көл тарапка кете турган башка жолдун жоктугу. Каалайбызбы каалабайбызбы баардыгы ушул жол менен өтөт.
Мындан ары көздөй уланган жолдо көзгө көрүнөрлүк деле жагдайлар жокко эсе. Жолдун ар кайсы жеринде жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөрдүн турганы болбосо, ары-бери каттаган кыймыл менен айдоо аянттары, бак дарактарды көрүп жүрүп отурасың. Ал арада инфраструктурасы өзүнө тартып, ары-бери өткөндөрдү бир кылчайтып карата турган жайлар да жок эмес. Тилекке каршы, андан бир аз өтпөй эле кайрадан мааанайды чөгөргөн көрүнүш.
Токмоктон эки айрылыш жолго чейин кайрадан таза аймак. Жолдогу жарышкан унаалар гана болбосо жакын жайгашкан тоолордон көз албай өтсө болот.
Бишкектен чыккандан баштап бул жерге чейин мындай жайма базарлар 3-4 жерде жайгашкан. Бул албетте эс алууга кетип бараткандар токтоп, мөмө-жемиш алып өткөнгө абдан ыңгайлуу. Бирок жолдун так эле жээгинде жайгашкан ачык жайлардан жашылча жемиш сатып алуу канчалык коопсуз, санитардык эрежелер сакталабы деген күмөн ойлор жаралбай койбойт.