Ошто көчмө урна менен добуш берилүүдө
Новость

Ош шаарында жалпы 1168 адам көчмө урна менен добуш берип жатат. Алардын басымдуусун майыптыгы бар адамдар жана кары-картаңдар түзөт. 

Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы билдиргендей, көчмө урна менен добуш бергендер өздөрү арыз жазып, шайлоо участкасына бара албай турганын билдирген. Бүгүнкү шайлоонун жыйынтыгы эртеңкиге кошуп чыгарылат. 11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. 

Шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылып, кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. Ош шаардык кеңешине шайлоодо тогуз партия ат салышмак. Бирок 10-июлда «Ынтымак» саясий партиясы шайлоодон четтетилди.