Бүгүн көчмөндөр оюндарына арналган жаңы үлгүдөгү кийимдин бет ачары болду
Новость KTRK/videograp

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кыргыз спортчулары, калыстар тобу жана машыктыруучулар жаңы үлгүдөгү кийим менен чыгат. 

POST1RIGHT Бүгүн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кийип чыгуучу Кыргызстан курама командасынын формасынын бет ачары болду. 

Эркектер үчүн көйнөк, калпак, шым, өтүк жана чапан. Ал эми кыздар үчүн, ошондой эле курамда, узун көйнөгү менен сунушталды. 

Парадга чыкчу кийимдердин өңү атайылап Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун атрибуттарына окшоп жасалган. Дене тарбия, спорт жана жаштар мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, бул кийимдерди даярдоого 4 миллион сомдон ашык акча каражаты жумшалган.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118