Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандарынын жарымы коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи дозасын алышты. Ал эми бул өлкөлөрдө өспүрүмдөргө эмдөө башталганы айтылууда. Дания мамлекетинде 12 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөргө 19-июлдан тарта вакцина сайыла баштайт.
Даниянын Улуттук саламаттык сактоо борборунун директорунун орун басары Хелен Билстед Пробст балдарга карата вакцина боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында алар азырынча эмдөөгө байкоо салып тураарын, бирок учурда вакцинага карата каршы көрсөтмөлөр жок экенин ишеничтүү айта аларын билдирди.