ЕАЭБтеги өлкөлөр документи жок товарларды импорттоодо
Новость

Ишкерлер Кыргызстанга ЕАЭБтеги өлкөлөрдөн документи жок товарларды импорттоону улантууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык,«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү бекетинен эки айдоочунун эл аралык жүк ташуу үчүн ыктыярдуу патенти менен транспорт салыгын төлөгөндүгү жөнүндө тиешелүү документтери жок болуп чыккан. 

Ал эми «Ак-Жол» өткөрүү бекетинен ишкерлер 200 килограмм күрүчтү салык кызматынын каттоосу жок алып өтүүгө аракет кылышкан.