Садыр Жапаров ЖРТда эң жогорку балл топтогон бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырат
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтогон орто мектептер менен лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырат.

Иш-чара коронавирус инфекциянын жайылышына байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алып, зарыл санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен уюштурулду, бардык катышуучулар алдын ала ПЧР тест тапшырышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын, өлкөнүн республикалык жана облустук телеканалдарынын социалдык тармактардагы баракчаларынын түз эфиринде көрсөтүлөт.