Кыргызстанда коронавирус дагы 1 миң 965 адамдан табылып, 8 кишинин өмүрүн алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, илдет Бишкек шаарында – 1490, Ош шаарында – 45, Чүй облусунда – 111, Ош облусунда – 94, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 93, Баткен облусунда – 73 адамдан табылды.
Бир суткада вирустан 571 адам сакайды чыкты. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 3 миң 389 бейтап, амбулатордук түрдө 8 миң 454 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 39 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.