Бул илдеттен бир суткада 124 адам каза тапты. Ал эми тастыкталган учурлардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Дарыгерлердин айтымында, бейтаптардын көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзөт.
Москвада бир күндүн ичинде коронавирус 124 адамдын өмүрүн алды. Бул пандемия башталгандан бери катталган эң жогорку көрсөткүч. Коронавирус инфекциясы менен каза болгондордун саны 22 миң адамдын тегерегинде. Дарыгерлердин айтымында жуктургандардын арасында көпчүлүгүн жаштар түзөт.
Москвада, дүйшөмбүдөн баштап, тамактануучу жайларга баруу үчүн, эмдөөдөн өткөндүгүн, ковидге антителолор бар экендигин же QR кодун көрсөтүшү керек. Үч күндүн ичинде Москвада 2,5 миллион адам санарип сертификатын алышты.
Тамактануучу жерлердин ачык жайларында азырынча катуу эрежелер колдонула элек. Алардын кезеги 12-июлда башталат. Москва шаарынын мэри Сергей Собяниндин айтымында, шаардагы коронавируска байланыштуу абал өтө оор бойдон калууда. Вирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча борбор Россияда биринчи орунда турат. Жалпысынан шаарда 1 346 183төн ашык инфекцияга кабылган адам аныкталды. Бул илдеттен каза тапкандардын саны 22 210.