Садыр Жапаров Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду
Новость Султан Досалиев

Президент Садыр Жапаров Тажикстанга расмий сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында тажик мамлекетинин негиздөөчүсү Исмоили Сомонинин эстелигине гүлчамбар койду. 

Исмоили Сомонинин эстелиги борбордун «Дусти» аянтына орнотулган. Тажикстандын улуттук биримдигинин мемориалдык комплекси 1999-жылы Саманиддер мамлекетинин 1100 жылдыгына карата ачылган. Комплекс тажик мамлекеттүүлүгүнүн символу болуп саналат.