Россияда мигранттарды эмдөө маселеси каралууда
Новость www

Россиянын президенти Владимир Путин өлкө аймагында иштеп жүргөн мигранттарды коронавируска каршы эмдөө иштерин 15-июлга чейин баштоо жана каржылоо булагын чечүү тапшырмасын берди. 

Мындан тышкары, Путин мигранттарды эмдөө боюнча иш-аракеттер кандай жүрүп жаткандыгы тууралуу 30-июлга чейин баяндама берилиши керектигин билдирди. 

Буга чейин коронавируска каршы "Спутник Лайт" вакцинасы жакынкы күндөрү толугу менен каттоодон өтүп, Москва шаарында эмгек мигранттарын эмдөө жайлары ачылары кабарланган. 

Вакцина алуу үчүн мигранттын каттоосу жана медициналык камсыздоо полиси болушу шарт. Бул документтери жок мигранттар федералдык мыйзамга ылайык акысыз вакцина ала албайт.