Москвада коронавирустун жаңы толкуну башталды
Новость www

Москва шаарында акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 114 адам каза тапты. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч. Бир күн мурун борбор калаада оорунун 6700 жаңы учуру катталган. Мындан улам, өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны тездик менен өсүүдө. Ошондой эле, Москвада ковидди жуктуруп алган бейтаптар үчүн убактылуу оорукананын жандандыруу бөлүмү толуп калды.

Бүгүндөн баштап Москвадагы ресторандар эмдөөдөн өткөндөргө, акыркы алты айда COVID-19дан айыгып кеткендерге гана кирүүгө уруксат беришет. Ал арада эмдөө кампаниясы кызуу жүрүп жатат. Акыркы сутка ичинде Москвада 85 миңден ашуун адам эмдөөгө жазылды.

Өлкөдө акыркы кундөрү 20 миңден ашуун вирус жуккан адамдар катталып, 599 адам көз жумган. COVID-19 эң көп таралган өлкөлөрдүн рейтингинде Россия АКШ, Индия, Бразилия, Франция жана Түркиядан кийин алтынчы орунда турат. Пандемия башталгандан бери Россияда коронавирустук инфекциянын 5 миллион 400 миң учуру катталган.