Португалиянын Лиссабон шаарында карантин чаралары күчөтүлдү
Новость www

Португалиянын Лиссабон шаарында коронавирус жуктуруп алгандардын саны көбөйүүдө. Мындан улам, бул өлкө карантин чараларын күчөттү. Анда аймактагы тамактануучу жайлар менен дүкөндөр дем алыш күндөрү саат үчтө жабылышы керек. Ал эми соода борборлору жана азык-түлүк дүкөндөрү кечки саат 7ге чейин иштейт.

Португалиянын Лиссабон шаарында коронавирустун күчөшүнөн улам кайрадан карантин чаралары күчөтүлдү. Өлкө илдеттин жаңы учурларынын көбөйүшүн ооздуктап, туристтик мезгилди улантууга аракет кылып жатат.

Акыркы күндөрү Португалияда коронавирусту жуктуруп алган бир жарым миңден ашык жаңы учур аныкталды. Акыркы жолу мындай сан февраль айынын аягында, өлкөдө катуу карантин күчүндө турганда катталган. Анын үстүнө, учурлардын жарымынан көбү Индиядан тараган жугуштуу дельта штаммы.

Аймактагы ресторандар, кафелер жана дүкөндөр дем алыш күндөрү саат 3тө жабылышы керек. Соода борборлору жана азык-түлүк дүкөндөрү - кечки саат 7де ишин токтотушу зарыл.

Бирок, Португалияда киргизилген карантиндик чектөөлөр жума сайын текшерилип турат. Ал эми, учурдагы кырдаал жакшырганга чейин чектөөлөр алынбайт. Жалпысынан, 10 миллион калкы бар Португалияда 875 миңге жакын коронавирус инфекциясы катталган. 17 миңден ашуун адам каза тапкан. Бүгүнкү күнгө чейин бул жерде калктын үчтөн бири эмделди.