Кыргызстанга баалуу металлдан жасалган зер буюмдардын импорту өстү
Новость

Кыргызстанга баалуу металлдан жасалган зер буюмдардын импорту өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында өлкөгө баалуу металлдан жасалган эки тоннадай зер буюм киргизилген. Анын баасы 1,7 миллион доллар. Түркия - 1,7, Кытай - 0,2, Индия - 0,1 тонна товар жеткирген. 

Айта кетсек, өткөн жылы ушул эле убакыт аралыгында Кыргызстанга наркы 1,6 миллион долларды түзгөн 1,7 тонна зер буюм импорттолгон.