Бишкекте тез жардам кызматына кайрылгандардын саны көбөйдү
Новость www

Коронавируска чалдыккандардын саны өсүп жаткандыктан Бишкек шаарынын тез жардам кызматына кайрылуулардын саны болжол менен 10 пайызга көбөйдү. 

Ыкчам жардам берүү борборунан билдиргендей, акыркы бир нече күндөн бери күнүнө 650гө жакын телефон чалуулар катталган. 

“Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү. COVID-19дун белгилери байкалган учурда "118" кызматына же жергиликтүү поликлиникага кайрылуу кажет. Эгер илдеттин жеңил формасына кабылгандар болсо жергиликтүү бейтапканага кайрылып үйдөн дарыланса болот”, - деп айтылат маалыматта.