Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар тууралуу маалымат
Новость

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар тууралуу маалымат берди. 

20-июнь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 11 ооруканада 212 орун бош турат. Алар: Улуттук хирургия борбору — 2;

Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 1;

№2 клиникалык төрөт үйү — 6;

№1 шаардык клиникалык оорукана — 14;

Улуттук кардиология жана терапия борбору — 16;

Чүй облустук бириктирилген ооруканасы — 17;

Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 15;

Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 92;

Улуттук госпиталь: урология боюнча корпус — 2;

Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;

Республикалык наркология борборунда — 21.

Ал эми №6 клиникалык оорукана менен Улуттук фтизиатрия борборунда бош орун жок экени маалым болду.