Иранга айына бир жолу түз учса болот
Новость

Жүргүнчүлөр эми Кыргызстандан Иранга аэропорт аркылуу түз учса болот. 

"Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын маалымат кызматы кабарлагандай, бүгүн, 18-июнда, аба майдан пандемиядан берки узак тыныгуудан кийин биринчи жолу Мешхед — Бишкек — Мешхед каттамын тосуп алды.

Ирандык авиакомпания бул каттамды бир айда бир гана жолу жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 2,5 саатка созулат.