Мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскарат
Новость

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен мамлекеттик кызматтардын штатын көбөйтүүгө мараторий киргизилди. 

Бул кадам мамлекеттик кызматкерлердин санын азайтуу менен бюджеттеги чыгымдарды кыскартууга багытталган. 

Бул жараян 2017-жылдын аягына чейин күчүндө болмокчу. 

Ал арада жергиликтүү серепчилер премьердин мындай чечими көпчүлүккө жакпаганы менен эл үчүн жакшы болоорун айтышууда.