Кытай тарап Кыргызстанда ишканаларды ачууга кызыктар
Новость

POST1RIGHTКытай тарап Кыргызстанда кен иштетүүчү 10дон ашык ири ишканаларды ачууга кызыктар. Бул туурасында Ысык-Көлдө өткөн өкмөттөр аралык 20-отурумда белгилүү болду. 

Себеби Кыргызстанда сурьма, олово, жез жана калай, темирдин арбын кору бар экени аныкталган. Белгилей кетсек, отурумга катышкан чет элдик адистер Кыргызстандагы мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен кызматташууга чакырды.

Отурумдун жыйынтыгында 8 өлкөнүн тоо-кенчилери сунуш-пикирлерин айтышты. 2020-жылга чейин биргелешип иштөө боюнча бир нече программаларды белгилешти.