EАЭБтин талаптарына жооп берген ветеринардык лабораторияны КР өзү курат
Новость

EАЭБтин талаптарына жооп берген ветеринардык лабораторияны Кыргызстан өзү курат. Бул туурасында Президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Ата шаарында журналисттер жана саясат таануучу эксперттер менен жолугушуу  учурунда билдирди.  

Өкмөт үстүбүздөгү жылдын 1-августунда чек арадагы ветеринардык тосмолорду алып салууну пландаган. 

Бирок турмуш көрсөткөндөй андай  болгон жок. 

Жакында эле EАЭБтин бул багыттагы комиссиясы Кыргызстанда болуп  эпизотиялык абал боюнча оң баасын берип кеткен.