КСДП фракциясынын депутаттары Ысык-Көл облусунда социалдык маселелер менен таанышууда. Алгач Жогорку кенештин депутаттары Балыкчы шаарынын эли менен жолугуп, андан сон Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда болду. Эки кун ичинде эл өкүлдөрү жергиликтүүлөрдүн көйгөйлөрүн угуп, аны жеринен чечүү аракеттерин көргөн. Ошондой эле эл өкүлдөрү менен биргеликте облустун тургундары менен жолугушууга тиешелүү министрликтердин дагы өкүлдөрү келген.
Элеттиктер көбүн эсе жер, таза суу, билим берүү, жол маселелерин козгоп, депутаттардан жана адистерден тиешелүү жоопторду алышты. Мындан ары КСДП фракциясынын депутаттары иш сапарын Ысык-Көл, Түп жана Ак-Суу райондорунда улантат.