POST1RIGHTЖогорку Кеңештеги төрт фракция Конституцияны өзгөртүү үчүн ушул жылдын күз мезгилинде референдум өткөрүү демилгесин көтөрүүдө. Жакында тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылат.
Мындан 6 жыл мурда оңдолуп 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген баш мыйзам эми бул убакытты күтпөй турган болду. Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүнү парламенттеги Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары сунуштап жатат.