POST1RIGHTӨкмөт кезектеги отурумунда кайрадан көйгөйлүү маселелерди козгоду. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков экономика тармагын өргө тартуу багытында аймактардагы мекемелердин кызматкерлери менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ишинде жеткиликтүүлүк жок - деп сындады. Бул калпыс аракеттер салык чогултууда айкын байкалып жатат. Ал эми колдоого муктаж ишкерлер болсо ар кандай тоскоолдуктарга кабылууда.
Отурумдун башында эле социалдык экономикалык өнүгүү багытында аткарылган жумуштун жыйынтыгы боюнча экономика министри Арзыбек Кожошевдин маалыматы өкмөт башчынын сынына кабылды. Документте болгону экономикалык көрсөткүчтөргө басым жасалган, каржы министрлигинен эч кандай сунуш болбогонуна Сооронбай Жээнбековдун ичи чыккан жок. Премьер-министр аймактагы салыктын чогултулушуна көңүл бурууга чакырды. Антпесе коррупциялык көрүнүштөр орун алып жатканы белгиленди.