Ооруканаларда медициналык жардам жеткиликтүү эмес
Новость

Көпчүлүк ооруканаларда медициналык жардам жеткиликтүү көрсөтүлбөй жатат. Мындай маалымат, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги тарабынан бир катар ооруканаларды текшерүүсүнөн кийин белгилүү болду. 

POST1RIGHT Агенттик кызматкери Аскат Азарбековдун айтымында, мамлекеттик кепилдик программасынын аткарылышы жеткиликтүү эмес, ошондой эле бирдиктүү төлөм системасына кирген арзан берилүүчү дарылардын тизмеси элге көрүнүктүү жерге илинген эмес. Мындан тышкары бейтаптардан негизсиз эле акча алынып жаткан фактылар аныкталды. 

Чынында эле мындай окуялар болуп жатканын айтып жарандар агенттикке кайрылуу жасаган эле. Эми Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги ачыкка чыккан дадилдерди Саламаттык сактоо министрлигине жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна жөнөтөт. Мыйзам бузууларды бул тармакка тиешелүү делген жогорку кызматкерлер чечиши керек. 

Ал эми монополияны жөнгө салуу агенттигинин бул жолку жүргүзгөн мониторингинин максаты - айып пул салуу же оорукана кызматкерлеринин кетирген кемчиликтерин аныктоо эмес, негизи эле жарандарга медициналык жардамдын жеткиликтүү болушуна көмөктөшүү болду.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118