Акыркы кезде диний экстремизм жана террорчулук бир гана Кыргызстанда же Борбор Азия мамлекеттеринде эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө курч маселеге айланууда. Айрыкча ислам дининдеги агымдардын бири-бирине каршы аракеттери күч алууда. Ушул жана башка динге байланышкан кырдаал тууралуу Улуу Британиялык “Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу” институту, диний эксперттер менен биргеликте тегерек стол уюштурушту.
Ислам динин жамынган экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүгү дүйнө жүзүндө өз кулачын жайып бара жатканы жалпыга маалым. Кыргызстанда дагы таблигий жамааттардын атын жамынып билинбеген экстремистик топтор иш жүргүзүп келет деп айтылат. Аларга каршы күрөшүү максатында Улуу Британиялык “Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу” институту дин коопсуздук маселелерин диний эксперттер менен биргеликте талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстан экстремистик уюмдар менен күрөшүү үчүн Орто Азия өлкөлөрүнөн, Орусиянын тажрыйбасын караш керек деген ойлор айтылган. Бирок башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын колдонууга болбойт деген пикирлер да болду дейт “Тынчтыкты жана согушту чагылдыруу” институтунун өкүлү Тимур Токтоналиев.
Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”
Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118