“Кыргызалтындын” каршылаштары сотто утулду
Новость KTRK/videograp

  “Центерра Голд инк” компаниясында үлүшү бар болгон “Кыргызалтын” ишканасынын акцияларын талашкан чет элдик компаниялардын талабы ишке ашпай калды. 28-29-июнь күндөрү Канаданын Онтарио провинциясында болгон сот отурумунда “Кыргызалтын” ишканасы каршылаштарын жеңип чыкты. 

POST1RIGHT Соттун жүрүшүндө буга чейин кыргыз өкмөтүнө доосун артып, "Акчаларыбызды ала албай жатабыз. Кыргыз өкмөтүнүн бизге болгон карызын ошол өлкөнүн өкүлү болгон "Кыргызалтын" ишканасынын эсебинен төлөтүп бергиле" - деген чет элдик 4 компаниялардын жүйөсүн Онтарионун соту четке какты. 

Доо арызды карап, таанышып чыккан Канадалык сот " "Кыргызалтын" ишканасынын акциялары кыргыз өкмөтүнө эмес, ишкананын өзүнө тиешелүү. Демек мындай талапты аткарууга мүмкүн эмес" - деген чечим чыгарганы тууралуу маалымат кечээ күнү келгендигин "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчилигинен билдиришти.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118