Маңзатка каршы күрөштү ИИМ жүргүзөт
Новость

POST1RIGHTБаңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматында бул органды жоюп, анын милдеттерин Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү демилгесине каршы пикирлер бар экени айтылууда. Буга айрым өкмөттүк эмес уюмдар кошулуп, коргоо кеңешинин чечимине туура эмес деп баа беришүүдө. Коргоо кеңеши болсо Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматы коюлган тапшырмаларды так аткара алган эмес, бул жаатта ИИМдин көрсөткүчтөрү жогору экенин белгилеп жатат.

Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматын жоюу демилгеси - бул орган өзүнө жүктөлгөн милдеттерди толук аткара албагандыгына байланыштуу келип чыккан. Мекеме мамлекеттик казынанын жана эл аралык донорлордун эсебинен каржыланып, материалдык-техникалык база, айлык маяна жагынан жетиштүү камсыз болуп келген. Бирок коргоо кеңешинде натыйжа аз экени белгиленди.