POST1RIGHTУкук коргоо системасынын жаңы реформасына ылайык, прокуратура органдарынан тергөө жүргүзүү иши алынат.
Ал улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилет. Ошол эле учурда прокуратура органдарында негизги милдети болгон көзөмөлдөө жана кылмыш ишин козгоо функциялары калат. Мындай сунуштар коргоо кеңешинин бүгүнкү жыйынында айтылып, колдоо тапты.
Ал эми каражатка байланышкан кылмыштар менен бир гана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы алектенет. Башкача айтканда башка укук коргоо органдарындагы бири бирин кайталаган бөлүмдүн баары жабылат. Реформага ылайык, ишкерлер чөйрөсүнүн укугун коргой турган жана ошол эле учурда ишкерлер тарабынан жасалган мыйзам бузууларга чара көрө турган да бир орган болот.