Кыргызстан дүйнөлүк экономиканын алкагындагы маанилүү делген инвестиция жана технология тармактарын талкуулаганга ачык.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясы бүгүн Кытайдын Тянцзинь шаарында өткөн дүйнөлүк экономикалык форумга катышты.
10-чу юбилейлик жолугушууда токсондон ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышып, анда экономиканы өнүктүрүү багытындагы түрдүү сунуш-пикирлер айтылды.